• Жума 12 Кулжа 2026
  • Пятница 12 Июнь 2026

Екатеринбургда изделип жаткан кыргызстандык өспүрүм табылды

24 Чын куран 20239:19 Бишкек Govori.TV

Екатеринбург шаарында изделип жаткан кыргызстандык өспүрүм табылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, азыркы учурда өспүрүм ата-энесинин жанында.

«Баланын жакындары, Кыргызстандын Башкы консулдугу милиция кызматкерлерине, ыктыярчыларга жана жашы жете элек кыргызстандыкты издөөгө катышкан баардык жарандарга ыраазычылык билдирет», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Екатеринбуг шаарында 21-апрелде мектепке чыгып кетип, кайра үйүнө кайтып келбеген кыргызстандык өспүрүм изделип жаткан.

Количество просмотров: 147