• Шейшемби 30 Кулжа 2026
  • Вторник 30 Июнь 2026

Екатеринбургдан Ош шаарына чартердик рейсти уюштуруу пландалууда

27 Бугу 202016:00 Бишкек Govori.TV

Екатеринбургдагы Кыргызстандын башкы консулдугу Россиянын Урал федералдык округундагы кыргызстандыктарды Ош шаарына жөнөтүү үчүн чартердик рейсти уюштурууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-майда Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

«Урал авиалиния» авиакомпаниясынын Екатеринбург—Ош каттамы 30-майга пландаштырылууда. Бул рейс менен кайтып келүүгө өтө муктаж болгон жарандар жөнөтүлөт. Тактап айтканда, ооруп жаткан, ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген, кары-картаңдар, кош бойлуу аялдар жана турмуштук оор кырдаалга туш болгон жаш балдары бар жарандар.

Тизме жарандардын кайрылуулары, ошондой эле Урал федералдык округунун региондорунан жана шаарларындагы кыргыз диаспораларынын уюмдарынын жетекчилеринин сунуштарын эске алуу менен түзүлөт.

Басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, билеттер учуу алдында «Урал авиалиния» авиакомпаниясынын атайын түзүлгөн кассаларында макулдашылган тизмеге ылайык сатылат. Буга байланыштуу авиа билеттерди сатып алуу жана Кыргызстанга жөнөтүү боюнча ортомчулардын кызматынан жана сунуштарынан баш тартуу сунушталат.

Учурда Урал федералдык округунда Кыргызстанга учууну каалаган 600дөн ашык жаран бар.

Кыргызстанга келүү маселелери боюнча төмөнкү телефондорго кайрылса болот:

  • +7 (343) 223-68-12
  • +7 (343) 223-68-13
  • +7 (343) 227-39-39.
Количество просмотров: 44