• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Эки адамды өлтүрүүгө шектелип 42 жаштагы малчы кармалды

11 Жетинин айы 202413:16 Бишкек Govori.TV

Таласта эки адамды өлтүрүүгө шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Милициянын маалыматы боюнча, 9-ноябрда түнгө жуук аларга Бакай-Ата районун тургуну кайрылып, 61 жаштагы А.Т. аттуу жаран ошол күнү эртең менен Кең-Арал айылынын Коргон-Таш жайлоосуна кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген.

Милиция издөө иштерине киришип, 10-ноябрда саат 07:00до Нылды өзөнүндө Toyota Camry унаасынын ичинен киши колдуу болгон эки адамдын сөөгүн тапкан.

Маркумдардын бири дайынсыз деп изделип жаткан 61 жаштагы А.Т. жана 60 жаштагы Т.М. аттуу жарандар экени аныкталган.

Факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, 42 жаштагы малчы шектүү катары кармалган.

Милиция билдиргендей, маркум А.Т. менен шектүүнүн ортосунда карызга байланыштуу пикир келишпестиги болуп, натыйжада ал адам өлүмү менен аяктаганы белгилүү болгон.

Количество просмотров: 193