• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Таласта милиционердин аялын сабап өлтүргөн видеосу тарады. Иш сотто каралууда

18 Баш оона 2022 17:12 Бишкек Govori.TV

Таласта адам өлтүрүү беренеси менен айыпталган жарандын кылмыш иши шаардык сотто каралууда. Бул тууралуу Govori.TVга Талас облустук сотунун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган кылмыш иши Талас шаардык сотуна 2022-жылдын 14-июнунда кайра кароого түшүп, соттук териштирүү 2022-жылдын 29-июнуна кароого дайындалган. Соттук отурумга кээ бир күбөлөр (35 күбө) келбегендигине байланыштуу соттук отурумда бир нече тыныгуу жарыяланган.

«2022-жылдын 16-августунда кылмыш иштин кароосу улантылган учурда айыпталуучунун жактоочусу А.Дуйшоналиев келбей жүргөн күбөлөрдү мажбурлап алып келүү өтүнүчү менен кайрылган жана ал сот тарабынан канаттандырылып, иштин кароосу 2022-жылдын 22-августуна жылдырылган. Мындан тышкары, аталган кылмыш 2021-жылдын 29-декабрь айында болгонун жана кылмыш иши 2022-жылдын 18-майында соттун кароосуна түшкөнгө чейин тергөө органында болгонун эскертип кетмекчибиз»,-деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Талас шаарында милиция кызматкери аялын сабап жатып, өлтүрүп койгонун блогер Назира Айтбекова жабырлануучулардын катына шилтеме берүү менен билдирген. Анда окуя 8 ай мурун болгонун жана учурда милиционер кылмыш жоопкерчилигинен качып жатканы жазылган.

“Мага мындай кат келди: 2021 — жылы 29 — декабрда Талас шаарында МАИ кызматкери аялын сабап жатып, өлтүрүп койгон. 8 айдан бери акыйкаттыкка жете албай жатышат. Бул видеодо аялын сабап жатып , өлтүрүп алганы көрүнүп турат”,  — деп жазган ал.

Количество просмотров: 9614