• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Алматыда жети жаштагы өгөй кызын өлтүрүүгө айыпталган аял 20 жылга соттолду

19 Жалган куран 2024 9:04 Бишкек Govori.TV

Алматынын кылмыш иштери боюнча райондор аралык соту жети жаштагы өгөй кызын өлтүрүүгө айыпталган шаар тургунун 20 жылга эркинен ажыратты.

Соттун билдирүүсүндө соттолгон аял менен маркум кыздын аты-жөнү ачык жазылган эмес, болгону ысымдары менен фамилияларынын баш тамгалары гана жазылган.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматына караганда, сот Алматынын тургуну Балжан Турлыбекти былтыр июлда каза болгон жети жаштагы өгөй кызы Карина Закураеванын өлүмүнө күнөөлүү деп тапты.

Соттон билдиришкендей, Турлыбек 2022-жылдан бери мурдагы никесинен калган бир кызы бар эркек киши менен чогуу жашап жүргөн. Кыздын тубаса оорусу болгон, ал системалуу түрдө заңдоо процессин көзөмөлдөй алчу эмес.

2023-жылы жайында Турлыбек өгөй кызынын кезектеги эрксиз заңдоосунан кийин ага кол көтөргөн. «Жинденген Турлыбек кызды мойнунан алып, башка урган. Андан соң ваннага алып барып, башы менен ваннанын кырына сүздүргөн. Кыз алган жараатынан улам тез жардам кызматы келгенге чейин каза болуп калган»,– деп жазылган соттун билдирүүсүндө.

Orda.kz басылмасы соттолуучунун авдокаттарына шилтеме кылып кабарлагандай, сотто алар ыктымал процессуалдык мыйзам бузуулар болгонун айтып, иликтөө үчүн сотко бардык далил буюмдар алып келиниши керектигин билдиришкен. Мындан тышкары алар маркум кыздын атасы Бакен Галымжанулыга да кылмыш ишин козгоону талап кылышкан.

Сотто Балжан Турлыбек күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алганы кабарланды. Прокурор аны 20 жылга соттоону өтүнсө, жабырлануучу тарап өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын сурашкан.

Количество просмотров: 66