Аламүдүн районунун жол тескөөчүлөрү адам өлтүрүүгө шектүү жарандарды кармады. Бул тууралуу ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 21-октябрда болжол менен саат 21:00 чамасында Чүй облусунун Аламүдүн районунун жол коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери бөлүнгөн аймагында кызмат өтөө учурунда көчөдөгү жаран Кой-Таш айылында белгисиз төрт жаран урушуп жаткандыгы боюнча кабарлаган.
Окуя болгон жерге кызматкерлер ыкчам түрдө барган учурда, болжолдуу 40 курактагы жарандын жансыз денеси жерде жаткандыгына күбө болушкан.
«Кылмышка шектүү катары жанындагы чогуу спирт ичимдиктерин ичишкен 1990-жылы туулган У.Б. жана 1976-жылы туулнан К.П. аттуу жарандар бири качып бара жаткан жеринен бири үйүнүн ичинен кармалган», — деп айтылат маалыматта.
Азыркы учурда кылмышка шектүү эки жаран Аламүдүн РИИБнин тергөө кызматына өткөрүлүп берилип, дагы бир кылмышка шектүү жаранды издөө иштери жүргүзүлүүдө.