• Жума 3 Бугу 2024
  • Пятница 3 Май 2024

Сокулукта чоң энесин өлтүрүүгө шектелип небереси кармалды. Окуянын чоо-жайы

20 Тогуздун айы 2022 10:11 Бишкек Govori.TV

Сокулук районунда 70 жаштагы чоң энесин өлтүрүүгө шектелип небереси кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 19-октябрда Сокулук райондук милициясына 70 жаштагы Г.В. аттуу кемпир денесинде оор жарааттар менен райондук оорукананын жандандыруу бөлүмүнө түшкөндүгү боюнча маалымат келген. Келтирилген оор жарааттарынын кесепетинен Г.В. жандандыруу бөлүмүндө каза болгон.

Аталган окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренесинде (“Адам өлтүрүү”) көрсөтүлгөн курам менен кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн ыкчам тергөө амалдарынын натыйжасында шектүү жаран аныкталды. Ал каза болгон адамдын небереси 23 жаштагы Г.М. болуп, милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“Кылмыш ичкиликтин айынан: чоң апасы небересин “ичкилик ичесин” деп урушканынан болгон”, — деп айтылат маалыматта.

Тергөө иштери уланып жатат.

Количество просмотров: 357