• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Эки кишини аеосуз сабагандардын камакка алынуусу боюнча ача пикир жаралды

6 Аяк оона 2019 10:20 Бишкек Govori.TV

Милиция Бишкекте эки кишини аеосуз сабады делген шектүүлөрдү колго түшүрдү. Бул тууралуу Бишкек ИИМдин маалымат кызматы жарыялады.

«Ыкчам издөө иштеринин жыйынтыгында Бишкек ШИИБинин Криминалдык милиция кызматы шектүүлөрдүн изине түшкөн. Жыйынтыгында 34 жаштагы Бапышов Жаныбек Сейитбекович жана 20 жаштагы Сейитбеков Калысбек Сейитбекович кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген», — деп жазылат маалыматта.

Ал эми буга чейин Бишкектеги резонанс жараткан мушташка шектелип издөөдө жүргөндөр Бапышов Жаныбек менен Сейитбеков Калысбек өз ыктыяры менен Бишкек шаардык Ички Иштер Башкармалыгына келишкени тууралуу маалыматка каражаттарына видео жарык көргөн.

Аталган факты алгач Кылмыш менен жоруктардын бирдиктүү реестрине «Бейбаштык» менен катталып, кийин «Адам өлтүрүүгө аракет кылуу» беренесине өзгөртүлгөн.

Эске салсак, 28-августта болжол менен саат 7:00дөр чамасында Бишкек ШИИБге Жал кичи районундагы супермаркеттин жанында кишилердин мушташып жатканы кабарланган. Жерине Милициянын кайгуул-күзөт кызматынын төртүнчү ротасынын кызматкерлери барган. Мындан сырткары, Чүй ОИИББдин кызматкери Казыбек Бапышев дагы келип, эки шектүүнү алып кеткен. Жабырлануучулар болсо ооруканага жеткирилген.

Коомчулук арасында бул окуя чоң резонанс жаратты. Аталган кылмыш боюнча премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев да үн катып, ички иштер министри Кашкар Жунушалиевге тыкыр иликтөө жүргүзүүнү тапшырган.

Көп өтпөй шектүүнү жоопкерчиликтен качыруу аракетиин көрдү делген милицияда иштеген тууганы, майор Казыбек Бапышев да кызматынан алынды.

Количество просмотров: 3115