Нарын районуна караган Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Транспорт жана комманикациялар министрлигинен билдиришти.
Учурда көпүрөнүн пайдубалы даярдалып, арматуралар орнотулуп, бетон куюу жумуштары жыйынтыкталууда. Бул этап көпүрөнүн туруктуулугун камсыз кылган негизги конструкция болуп эсептелет.
Алдыда үстүңкү конструкцияларды орнотуу жана жол кыймылын калыбына келтирүү жумуштары аткарылат.
Белгилей кетсек, 13-августта аталган көпүрөдө КаМАЗ үлгүсүндөгү оор жүк ташуучу унаа өтүп бара жатканда көпүрө сынып, унаа Нарын суусуна түшүп кеткен. Кийин айдоочу 1984-жылы туулган А.А. аттуу эркек кишинин сөөгү табылган.