• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Эки сааттык жолго Садыр Жапаров самолет менен учту

3 Жетинин айы 2020 14:52 Бишкек Govori.TV

Президенттин милдетин аткаруучу жана өкмөт башчы Садыр Жапаровдун өлкөнүн түштүк аймагына болгон иш сапары уланууда. Өкмөттүн басма сөз кызматы тарабынан Жапаров бүгүн Оштон Жалал-Абадга учуп барганы айтылды.

Ал эми коомчулукта Жапаров тууралуу бул кабар талкууга алынды. Алар аралыгы жакын жерге учак менен баруунун кажети бар беле деген суроолорду узатышууда.

Белгилей кетсек, буга чейин Ош эли менен жолугушуу өткөргөн. Ага маалыматтарга ылайык стадион толо адамдар келген. Айрымдар мындай кадамга сын пикирин айтышып, коронавирус күчөп жатканын белгилешкен.

Жаңы өкмөт башчыны азыркы учурда коомчулук электен өткөрүп жаткан учуру десек болот. Белгилүү болгондой буга чейин анын кийип чыккан кийимдеринин балары да талкуу жаратып, соцтармактын эрмегине айланган болчу.

Эске салсак, Садыр Жапаров 10-январдагы президенттик шайлоого катыша турганын жарыялаган.

Количество просмотров: 11996