Ош шаарындагы барлардын биринде эки тергөөчү сабалып, бирөөсү оор жараат алды. Бул тууралуу Акипресс сайты жазды.
Алдын ала маалыматка ылайык, окуя Ош шаарындагы “Sky Bar” түнкү клубунда болгон. Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнүн эки тергөөчүсү тойдон чыгып, аталган барга барган.
Тергөөчүлөр менен ал жерде отургандардын ортосунда пикир келишпестик жаралып, мушташтан улам бир милиция кызматкери оор жараат алган. Оор жарааттан улам, ал комада жатат. Анын башына операция жасалган.
Бул окуя боюнча 14 киши милиция бөлүмүнө алынып келинип, төртөө камакка алынды.