• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Эки унаа кагышып, айдоочу каза болду

10 Баш оона 202313:05 Бишкек Govori.TV

Чүйдүн Жайыл районундагы Кара-Балта – Степное трассасында адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды.

Облустук милициясынын ЖККББсынын маалыматына ылайык, жол кырсыгында Toyota Carina карама-каршы тилкеде келе жаткан Mercedes-Benz менен кагышкан. Жыйынтыгында биринчи автоунаанын айдоочусу жеринде каза болгон, үч жүргүнчү райондук ооруканага жеткирилген.

Учурда иликтөө иштери уланууда.

Количество просмотров: 405