• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Эки жаранды өлтүргөнгө шектүү жаран Бишкекте кармалды

3 Бирдин айы 2021 9:34 Бишкек Govori.TV

Эки жаранды өлтүргөн кылмышка шектүү жаран Бишкек шаарынан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн жана областтык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан 2021-жылдын 1-февраль күнү саат 20:00 чамасында Ысык-Көл районунун Кашат айылындагы үйлөрдүн биринде 54 жаштагы И.Ж. менен анын уулу 29 жаштагы Ы.К.ны өлтүрүп кеткен кылмышка шектүү жаран 26 жаштагы Ж.А. Бишкек шаарынан кармалды. Учурда аны Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнө алып кетишти.

Бул окуя Ысык-Көл РИИБдин кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 130-беренеси боюнча катталып, сотко чейинки башталган.

Азыркы учурда Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү жана областтык милиция кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштер боюнча тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 194