Аймактагы журналисттер кысым алдында иштеп жатканы байкалат. Алар үчүн бийликтен маалымат алуу оор. Журналисттер саясий темаларды көтөрүп, коррупция жөнүндө жазып, жеке пикирлерге орун берүүдөн коркушат. Эгер алар бул сыяктуу материалдарды жарыялашса, кысымга кабылышы ыктымал. Сот жараяны учурунда журналисттерге карата адилетсиз чечимдер чыгып, негизсиз айыппул салынып, атүгүл камалып жатканы байкалууда, — деди Арлем Дезир.
Астанада өтүп жаткан Борбор Азия медиа конференциясынын темасы – “Журналистиканын келечеги”. Ага Казакстан, Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан жана Монголиядан келген өкүлдөр катышууда. Конференцияда фейк жаңылыктарга каршы күрөшүү, сапаттуу маалыматтарды берүү маселеси талкууланды.
Булак: centralasian.org