• Бейшемби 28 Жалган куран 2024
  • Четверг 28 Март 2024
Орозо

ЕККУнун байкоочулары: Түркиядагы шайлоо толук таза өткөн жок

30 Бугу 2023 9:08 Бишкек Govori.TV

ЕККУнун байкоочулары Түркиядагы президенттик шайлоо толугу менен эркин жана таза өтпөгөнүн билдиришти.

Эл аралык байкоочулар шайлоонун уюштурулушу демократиялык эрежелерге шайкеш болуп, жарандар талапкерлерди эркин тандай алышканын белгилешти.

«Ошол эле маалда шайлоо өнөктүгү учурунда оппоненттерин басмырлаган сөздөр айтылды. Мамлекеттик ЖМКлар бир жактуу мамиле кылып, сөз эркиндиги чектелди. Бул талапкерлер үчүн бирдей шарттар түзүлбөгөн жана Эрдоганга артыкчылыктар берилген абалды жаратты», – деп жазылган баяндамада.

Ал арада Түркиядагы президенттик шайлоонун жыйынтыгы өлкөнүн улуттук валютасы – лиранын курсуна терс таасир этти. Дүйшөмдү күнү эртең менен Эрдоган жеңишке жеткени жарыялангандан кийин лиранын долларга карата курсу рекорддук – 20,05 лирага түшүп калды. Morgan Stanley банкы эгер Эрдоган акча-насыя саясатын өзгөртпөсө, жыл соңуна чейин түрк валютасынын курсу 29% төмөндөп, 1 АКШ доллары 28 лирага барабар болуп калышы мүмкүн экенин эскертүүдө.

Количество просмотров: 60