• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Экономика министри: Бизге импорттун 35 пайызы Кытайдан келет

27 Бирдин айы 202013:46 Бишкек Govori.TV

Бизге импорттун 35 пайызы Кытайдан келет. Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйында Экономика министри Санжар Муканбетов билдирди.

Анын айтымында Кытайда тараган вурустун кесепетинен Кыргызстандын экономикасына залал тие элек, бирок мындай абал уланса 2-3 айда таасири тийип калуусу мүмкүн.

«Жылдын биринчи кварталында активдүүлук төмөн болот. Бизге азыр түздөн-түз залакасы тие элек. Бирок эгер ушундай көрүнүш улана берсе, апрель айынан баштап экономикалык өсүшүнө тобокелчилик 0,2% айына деп эсептеп жатабыз», — деди министр.

Количество просмотров: 133