• Шаршемби 8 Бугу 2024
  • Среда 8 Май 2024

Экономика министри казинолор кандай шартта иштей турганын айтты

30 Кулжа 2022 15:56 Бишкек Govori.TV

КРдин Экономика министри Данияр Амангельдиев казинолор кандай шартта иштей турганын айтып берди. Ал белгилегендей, ЖКнын үч окуусунан өткөн мыйзам долбоору президенттин чечимин күтүп жатат.

«Эң негизгиси Кыргызстандын жарандарын киргизүүгө чектөө бар. Өзүңүздөр билгендей мурунку мыйзам боюнча оюн-зоок ишканалар ар кайсы жерде ачыла берген жана алардын имараттарына кандайдыр бир шарттар коюлган эмес. Ал эми азыркы мыйзам боюнча алар чоң имараттарда жана атайы уюштурулган гана жерлерде болот. Мындан тышкары лицензиянын баасы өтө жогору болот. Эгер мыйзам бузуулар боло турган болсо лицензия аркылуу эле ишин тескеп койсо болот. Мыйзамдуулукту сактоо укук коргоо органдарына жуктөлсө, жайлардын ишин лицензия берүүчү мекеме көзөмөлдөйт», — деди министр.

Количество просмотров: 57