• Жекшемби 5 Бугу 2024
  • Воскресенье 5 Май 2024

Депутат Токтошев: Казино боюнча элдин пикирин эске алыш керек

22 Кулжа 2022 17:30 Бишкек Govori.TV

Казино боюнча элдин пикирин эске алыш керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Токтошев билдирди.

«Бизде фракциянын чечими бар, кумарканалар боюнча мыйзам долбооруна каршыбыз. Көптөгөн жарандар кумарканалардын кесепетинен өз өмүрүнө кол салган. Канчалык деңгээлде бюджетке киреше түшөт жана мыйзам кандай иштейт бизге түшүнүксүз»,-деди ал.

Белгилей кетсек, бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кумарканаларды кайра ачуу боюнча мыйзам долбоору талкууланат.

Кумарканаларды ачуу боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат комитети 20-июнда экинчи жана үчүнчү окууда дароо карап, жактырган.

Количество просмотров: 151