• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Казино мыйзамына «Бүтүн Кыргызстан» добуш берүүдөн баш тартты

22 Кулжа 2022 17:58 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында оюн-зоок иши жөнүндөгү мыйзамдын долбоору каралып, добуш берүүгө жөнөтүлгөн. Мыйзам долбоорлоруна добуш берүү учурунда парламенттеги «Бүтүн Кыргызстандын» депутаттары добуш берүүдөн баш тартышты.

Фракция лидери Адахан Мадумаров сөз сүйлөп бул алардын чечими жана каршы жообу экенин айтты.

«Ушул биздин позиция. «Каршы добуш бергиле»… каршы добуш берсе өтүп кетет. Башка арга калтырбадыңар урматтуу кесиптештер. Талкууга тыюу салдыңар, башка пикирлерди угууга тыюу салдыңар», — деди Мадумаров.

Ал арада башка фракциянын депутаттары «макул» же «каршы» деген добуш берилүүсү керек экенин айтып, кесиптештерин добуш берүүгө чакырышты.

Ал эми төрага Талант Мамытов ЖКнын жалпы жыйынында кыска мөөнөтүү тыныгуу жарыялап, фракция лидерлерин сүйлөшүп алууга чакырды.

Количество просмотров: 1336