• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Экотехинспекциясы Солтон-Сарыдагы сууну жана топуракты текшерди

16 Теке 2019 15:01 Бишкек Govori.TV

Бишкек.16.07.2019.Govori.TV.

Экотехинспекциясы кой-козу жапырт кырылып жатканы айтылган Нарындын Солтон-Сары жайлоосундагы сууну жана топуракты текшерди.

Аталган мекеменин Тоо-кен башкармалыгынын башчысы Жолдош Нурмамбетовдун билдиргенине караганда, текшерүүнүн жыйынтыгы таза чыккан. Анын айтымында, инспекциянын өкүлдөрү ошол аймакта кен иштеткен “Jhong ji Mining” компаниясын текшерүүгө барышарын кошумчалады.

“Биз эртең ошол жакка чыгып жатабыз. Мурдагы анализ боюнча топурак менен суу таза чыккан. Бул жерде Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын да жумушу. Адам фактору да болушу мүмкүн.

Социалдык тармактарда “Солтон-Сары жайлоосунда кой-эчки массалык түрдө кырылып жатканы” тартылган видеолор тараган. Мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясы Эмгекчил айыл аймагына караштуу Солтон-Сары жайлоосунан кой-эчкилердин өлүп жатканына байланыштуу клиникалык кароо жүргүзүп, жугуштуу ылаңдардын белгиси аныкталбаганын билдирген. Өлгөн малдан анализ алынганда этинде нитрат жана мышьяк бары аныкталган. Мунун негизинде малдар ууланып өлүп жатканы боюнча болжолдуу диагноз коюлган.

Количество просмотров: 10