• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Экс-депутат алдамчылык фактысы боюнча кармалды

20 Аяк оона 2021 15:25 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Нурматов алдамчылык фактысы боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.

Атайын кызмат «Кыргызстан» саясий партиясынын мурдагы депутаты «Н.К.» тарабынан жасалган ири өлчөмдөгү алдамчылык фактылары боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп жатканын билдирди.

«Тергөө учурунда экс-депутаттын алдамчылык иштерге тиешеси бар экендиги боюнча далилдер табылган. 2013-жылы Кубанычбек Нурматов Эсеп палатасынын аудитору болуп турган учурда 500 миң доллардан ашык суммадагы кыймылсыз мүлктү алдамчылык менен алган»,-деп айтылат маалыматта.

Шектүү 20-сентябрда Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренеси боюнча алдамчылыкка шектелип, кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Количество просмотров: 160