• Шаршемби 1 Бугу 2024
  • Среда 1 Май 2024

Экс-депутат электр кубатынын тарифин көтөрүү сунушун сындады

23 Чын куран 2021 19:10 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Жылдызкан Жолдошева президент Садыр Жапаровдун электр энергияга болгон жаңы тарифин сындады. Бул тууралуу пикирин ал бүгүн, 23-апрелде Govori.TV агенттигиндеги «Майдан» теледебатында билдирди.

Анын айтымында, элдин жонун тилип, туз салуу менен электр энергиясынын маселесин мындай жол менен чечпеш керек.

«Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери кризисте жашап келе жатат. Кайсы тармакты албайлы кризиске учураган. Биздин элибиз дагы каатчылыкка көнүп калган. Ачыгын айтайын, элге рахмат айтыш керек. Мамлекеттик кызматкерлерге, бийликке зыянын тийгизбей, өзүн-өзү багып жатат. Элдин жонун тилип, туз салуу менен электр энергиясынын маселесин мындай жол менен чечпеш керек. Кечээ президент Садыр Жапаровдун маңдайында бүт Ширшовтун схемасы менен иштеген энергетиктер топтолуп, өздөрүнүн кызыкчылыгын таңуулап жатышат. Баягы Бакиевге айткан сунушун азыр дагы айтып жатышат. Тарифти көтөрүү менен жакыр жашаган элге электр энергиясынын маселесин чечем деген бул- акмакчылык. Силер мындай сунуш менен президентти элдин алдында жаман акыбалда калтырдыңар»,-деди Жолдошева.

Количество просмотров: 205