• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Сот залына алынып келинген Кадыров кайрылуу жасады (видео)

13 Бештин айы 2022 12:50 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 13-декабрда Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттердин бөгөт чарасы каралып жатат.

Бишкектин Биринчи май райондук соту Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыровду 2023-жылдын 20-февралына чейин камакта калтырды.

Кадыров мыйзамсыз кармалганын айтып, төмөндөгүлөрдү билдирди.

«Тергөө болгон жок. Эч кандай далил таба албай жатышат. Жыйында мыйзамсыз иштер болгон эмес. Мен БДКнын мүчөсү дагы эмесмин. Мыйзамсыз алып келип камап коюшту. Кыргыздар качан айымдардын кордочу эле? Жаңы жылдын алдында 6 айымды бошотуп койгула»,-деди мурдагы депутат.

Кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта болот.

Кечээ,12-декабрда жарандык активисттер Али Шабдан, Илгиз Шаменов, саясат талдоочу, журналист Айданбек Акматовдун бөгөт чарасы аныкталып, чечим чыкты.

Белгилей кетсек, 23-октябрда милиция бир катар саясатчы, жарандык активисттердин үйлөрүн массалык түрдө тинтүүгө алып, өздөрүн кармап кеткен. ИИМ Кылмыш-жаза кодексинин 36 («Кылмышка даярдык көрүү») жана 278-беренеси («Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу») боюнча кылмыш иши ачылганын билдирген. Кармалгандар Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы позициясын билдирип келишкен.

Количество просмотров: 317