• Дүйшөмбү 29 Чын куран 2024
  • Понедельник 29 Апрель 2024

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Чоробек Байгазаков каза болду

4 Бирдин айы 2022 11:50 Бишкек Govori.TV

Легендарлуу парламенттин депутаты Чоробек Байгазаков 76 жаш курагында каза болду.

Маалыматка ылайык, Байгазаков 3-февралда дүйнөдөн кайтты. Ал 1990-1995-жылдары парламенттин депутаты болгон.

Чоробек Байгазаков 1946-жылы 5-декабрда Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районундагы Баш-Кайыңды айылында туулган. Маркум 1964-жылы Финансы-экономикалык техникумду аяктап, 1969-жылы Кыргыз мамлекеттик университетин бүтүргөн. Эмгек жолун 1964-жылы Ат-Башы районундагы Киров атындагы колхоздо башкы бухгалтердин орун басары, башкы бухгалтер болуп иштөө менен баштаган. 1969-жылы Ат-Башы райондук айыл чарба башкармалыгында текшерүү тобун жетектеп, 1971-1974-жылдары Нарын облустук айыл чарба башкармалыгында текшерүү бөлүмүнүн жетекчиси болгон.

1974-1981-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы совхоздо башкы экономист, 1983-1992-жылдары «Живпром» мамлекеттик мал чарба комплексинде жана Баш-Кайыңды совхозунда башкы экономист, директордун орун басары жана директорлук кызматтарды аркалаган. 1992-1995-жылдары Ат-Башы райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким болуп иштеп, 1995-2000-жылдары Ат-Башы токой чарбасынын директору, Ат-Башы райондук кеңешинин төрагасынын орун басары жана жооптуу катчысы болгон.Чоробек Байгазаков бир канча жолу айылдык жана райондук кеңештердин депутаты, 1990-жылы Жогорку Кеңештин депутаты болуп шайланган. Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланып, «Кыргыз Республикасынын муниципиалдык кызматынын мыктысы» төш белгисин алган.

Количество просмотров: 1033