• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Экс-депутат Калмаматовдун үйүндө тинтүү жүргөнү айтылды

23 Бештин айы 2021 9:29 Бишкек Govori.TV

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалган экс-депутат Бактыбек Калмаматовдун үйүндө тинтүү жүрдү. Бул тууралуу Калмаматовдун өкүлү Айым Камчыбекова билдирди.

Атайын кызмат тинтүү тууралуу комментарий бере элек.

УКМК Калмаматов аймактар аралык кастыкты козутууга шектелип кармалганын маалымдаган. Мекеменин басма сөз кызматы тараткан маалыматта Калмаматовдун социалдык тармактар аркылуу аймактар аралык кастыкты козутууга тиешеси бар экендиги тууралуу маалымат тастыкталганы маалымдалат.

Экс-депутат жана саясатчы Бактыбек Калмаматов 22-декабрдын түнүндө Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине (УКМК) суракка чакырылганын билдирип, видеокайрылуу жасаган. Анда Сауд Арабиясына эки жумалык кичи ажылык зыяратка баратканда чек арачылар ага “өлкөдөн чыкканга болбой турганын, ушундай буйрук бар экенин” айтышканын билдирген. Кийин ага атайын кызматтын эки өкүлү келип, «күбө катары суракка чакырылганы» тууралуу кагаз берген.

Количество просмотров: 282