• Ишенби 11 Бугу 2024
  • Суббота 11 Май 2024

Камактагы Калмаматов Текебаев менен Исаковго каршы көрсөтмө берип жатат деген маалыматка жооп берди

28 Бештин айы 2021 13:55 Бишкек Govori.TV

Камактагы экс-депутат Бактыбек Калмаматов «бийлик менен сүйлөшүп, Ахматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев жана Жылдыз Жолдошевага карата каршы көрсөтмө берүүдө» деген маалыматтарды четке кагып кат жолдоду.  Калмаматовдун кайрылуусун жактоочусу жарыялады.

«Урматтуу мекендештер! Өзүңүздөргө белгилүү болгондой учурда мен камакта отурам. Мага коюлуп жаткан айып акылга сыйбайт жана адилетсиз. Бирок кеп башкада… Тилекке каршы менин душмандарым абакта отурганымдан пайдаланып, үстүмөн ар кандай каралоолорду уюштуруп жатышат. Тагыраагы, мага байланыштуу жалган маалыматтарды социалдык тармактарга жайылтышууда. Камакка алынгандан суракка алынган жокмун. Жактоочуларыман башка эч ким менен сүйлөшө элекмин. «Бийлик менен сүйлөшүп Ахматбек Келдибеков, Исмаил Исаков, Өмүрбек Текебаев жана Жылдыз Жолдошевага карата каршы көрсөтмө берүүдө» деген маалыматтар толугу менен жалган жана кимдир бирөөлөргө каршы көрсөтмө берүү ниетим дагы жок. Тескерисинче мага ар тараптан колдоо көрсөтүп жаткан калың элиме ыраазычылыгымды билдирем»,-деп жазылат катта.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматов 2022-жылдын 9-февралына чейин камакка алынган. Мындай чечимди 24-декабрда Бишкектин Биринчи Май райондук соту чыгарган. Калмаматов 22-декабрда түнкүсүн «Манас» аэропортунан кармалган. Ага «расалык, этностук, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты козутуу» беренеси менен айып тагылууда. Саясатчынын тарапташтары коюлган айыпты четке кагып, куугунтук катары сыпатташууда.

Количество просмотров: 5563