ЖКнын мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду соттон алып чыккан унаа анын тарапташынын бутун тебелеп кетти. Видеону активист Адилет Балтабай жарыялады.
Бүгүн, 24-декабрда Калмаматов Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан эки айга камакка алынды.
Саясатчынын тарапташтары соттун чечимин угуп, Калмаматовду алып кетип бараткан унаанын алдын тороп чыгышты. Натыйжада тарапташтарынын биринин бутун (аял) унаа тебелеп кетти.