• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Сотто камактагы Калмаматовдун жактоочусунун арызы каралууда

11 Үчтүн айы 2022 12:06 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 11-январда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда камактагы экс-депутат Бактыбек Калмаматовдун иши каралып жатат.

Жактоочу Айым Камчыбекованын айтымында, парламенттик шайлоодо“Азаттык” саясий партиясынын тизмеси боюнча талапкер болгон Бактыбек Калмаматовдун укугу бузулган.

«Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 21-беренесине ылайык, баардык талапкерлер бирдей укуктарга ээ жана бирдей милдеттерди тартышат, мындан башка учурларда. Катталган талапкер кылмыш жоопкерчилигине тартылышы, камакка алынышы, камакка алынышы же соттук жазага тартылышы мүмкүн эмес болчу”- деди жактоочу.

Белгилей кетсек, Калмаматов Кылмыш-кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү боюнча аймак аралык кастыкты козутту деп шектелип жатат. Ал эми УКМК Калмаматов «топтолгон далилдердин жана тиешелүү экспертизанын корутундусунун негизинде» кармалганын билдирди. Калмаматов 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына умра зыяратына бараткандан жерден кармалып, «Манас» аба майданынан УКМКга алынып келинген. Бактыбек Калмаматов өткөн парламенттик шайлоодо “Азаттык” партиясы менен шайлоого барып, аталган партия 5% босого чекти багындыра алган эмес. Калмаматов октябрь окуяларынан кийин келген бийликтин саясатын кескин сындап келгени менен белгилүү.

Количество просмотров: 156