Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Жолдошбаев келтирилген зыяндын ордун толук төлөп берди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, 19-апрелде Камчыбек Жолдошбаевдин бөгөт чарасы Биринчи май райондук соту тарабынан өзгөртүлүп, ал мамлекетке келтирилген зыяндын ордун тагыраагы, 150 млн сом төлөп берди.
Учурда тергөө иштери улантылып жатат.