• Бейшемби 2 Бугу 2024
  • Четверг 2 Май 2024

Экс-депутаттын баласы кармалды

28 Жетинин айы 2023 13:15 Бишкек Govori.TV

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Борис Сандын уулу – Сан Александр Борисович кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК Камчы Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө жана уюшкан кылмыштуу топторду каржылаган айрым жеке ишкерлерге карата кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу (КР Кылмыш-жаза кодексинин 263-беренесинин 1-бөлүгү “уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо”, 222-беренесинин 3-бөлүгү “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)”) фактылары боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында, улуттук коопсуздук органдары тарабынан Жогорку Кеңештин экс-депутаты Борис Сандын уулу – Александр Сан кармалды. Ага 2023-жылдын 21-ноябрында кылмышка шериктеш болгон деген айып тагылып, 2024-жылдын 4-январына чейин УКМК тергөө абагына киргизилди.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, алар Турсунтай Салимовго (ИТТИПАК уйгур диаспорасынын лидери, “Мадина” базарынын негиздөөчүсү) таандык болгон мурунку бала бакчанын (азыркы “Роял спорт” ден соолукту чыңдоо комплексинин) аймагына көп кабаттуу премиум турак жай курууну пландап жатышкандыгы аныкталган. Көп кабаттуу үйдү курууну баштоонун шарттарынын бири катары курулуш компаниясы турак жайдын курулушун бүткөрүүнүн кепилдиги жана күрөө катары кымбат батирди бериши шарт болгон. Андан кийин, турак жай курууга уруксат алуу мүмкүн болбогондуктан, келишим бузулган. Бирок, Салимов Ильшат Турсунтаевич 2020-жылдын январь айында Сан А.Б жана К.Асанбек менен сүйлөшүп алып, басым көрсөтүү жана күч колдонуу менен коркутуп премиум класстагы курулуш компаниясына таандык (баасы 300 000 АКШ доллары турган, “Магнат” турак жай комплексинде аянты 300 м.кв. болгон) кыймылсыз мүлктү мыйзамсыз ээлеп алышкан. Кийинчерээк бул батирди К.Асанбек Чолпон-Ата шаарындагы имараты бар жер участогуна (мурдагы “Зодиак” казиносу, Сан Б.А.га таандык) соода борборун куруу максатында алмаштырып алган.

Ошол эле учурда жогоруда көрсөтүлгөн батир КР ЖКнын экс-депутаты Сан Борис Анатольевичтин (“Сан-Сити” комплексинин, “Золотой Дракон” ресторанынын, мурунку “Сан-клуб” казиносунун ээси) К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүн каржылоого, ошондой эле кылмыштуу кирешелерди мыйзамдаштырууга катышкан уулунун — Сан Александр Борисовичтин наамына катталган.

Ошондой эле Сандын үй-бүлөсү 59 бирдик кымбат баалуу кыймылсыз мүлккө, анын ичинде жалпы баасы 80 млн АКШ долларын түзгөн коммерциялык багыттагы мүлккө ээ экендиги боюнча маалымат алынган. Тактап айтканда, Бишкек шаарында жалпы аянты 61 миң 918 кв.м., 50 миллион АКШ долларын түзгөн кыймылсыз мүлк, анын ичинде учурда курулуш жүрүп жаткан, аянты 20 миң 800 чарчы метр мурдагы “Сан сити” комплекси. Ысык-Көл облусунда — кыймылсыз мүлк объектилери (“Ак-Марал” эс алуу борборундагы К.Асанбектин коттедждеринин жанында жайгашкан коттедждер, алардын туруктуу байланыштарын көрсөтүп турат), ошондой эле курорттук-рекреациялык зоналарда жайгашкан баасы 15 млн АКШ долларлык, жалпы аянты 12,9096 чарчы метр (12,9 га) жер участоктору. Чүй облусунда — баасы 15 млн АКШ долларлык, жалпы аянты 201 миң чарчы метр (20,1 га) жер тилкелери. Ошондой эле Сандын үй-бүлө мүчөлөрү курулуш, коомдук тамактануу, мейманкана бизнеси жана дүң жана чекене соода тармагындагы 11 ЖЧКнын тең түзүүчүлөрү болуп саналышат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жакта ишканалары бар экени аныкталган.

Учурда К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобуна тиешеси бар башка адамдарды, ошондой эле кылмыш жолу менен алынган мүлктөрдү аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Количество просмотров: 135