Президент Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Жунушалиев Айбек Жанышбекович Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалды жана ал буга чейин ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Ал эми Жапаров кол койгон дагы бир Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэри Абдыкадыров Эмилбек Мырзакулович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду.