• Жума 26 Чын куран 2024
  • Пятница 26 Апрель 2024

Экс-мэр Кубанычбек Кулматов сотко жакшы маанайда келди

17 Кулжа 2020 13:11 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 17-июнда Бишкек шаардык сотунда мамлекеттин бюджетине чыгым келтирген деп айыпталып жаткан борбор калаанын мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун кылмыш иши каралды.

Ишти Адис Момуналиев төрагалык кылган соттук коллегия карады. Бүгүнкү отурумдун жүрүшүндө жактоочу жарыш сөзүн айтты. Сергей Слесарев Кубанычбек Кулматовго айып тагууга соттун жана тергөөнүн объективдүү себеби жок деп эсептейт.

«Соттук териштирүүнүн жүрүшүндө айыптоого негиз боло турган бир дагы далил табылган жок. Кулматовго каршы кылмыш иши ойлонуп табылганы көрүнүп эле турат. Кулматовго карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык эмес, тескерисинче, каршы иш алып барууда»,-деди жактоочу Слесарев.

Соттук отурумда айыпталып жаткан Кубанычбек Кулматовго акыркы сөз берилди. Ал бул иште күнөөсү жок экенин айтып, Калыс-Ордо конушундагы мектепти курганы үчүн сыймыктана турганын билдирди. Сөзүн жыйынтыктап жатып Кулматов, акыйкат чечим күтөөрүн кошумчалады.

Кулматов Кытай берген акчага «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп күнөөлөнгөн.

Ибраимовго «Ысык-Көлдөгү «Күнөстүү жээк» пансионатын сатууда мамлекетке 152 миллион сомдук зыян келтирген, «Дастан» ишканасын жетектеп турганда 270 миң доллар өлчөмүндө мыйзамсыз сый акы алган жана Бишкектин түштүгүндөгү беш гектар жерди мыйзамсыз бөлүп берүүгө тиешеси бар» деген айыптар коюлган.

Эске салсак, 2019-жылдын 23-декабрында Бишкектин Ленин райондук соту Ибраимовду 15 жылга эркинен ажыраткан. Кулматовду беш миллион сом айып төлөөгө милдеттендирип, абактан үй камагына бошоткон. Бул иш боюнча экс-мэрлер менен кошо айыпталган 11 кишинин баары сот залынан бошотулган. Айыпталуучулар менен мамлекеттик айыптоочу тарап апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылып, доо арыз 7-февралда карала баштаган.

Количество просмотров: 993