Бүгүн, 9-декабрда Бишкектеги Ленин райондук сотунда экс-мэрлердин ишин караган соттук отурум өтүп жатат.
Учурда прокурорго сөз берилип, ал айыптоо тараптын сөзүн окуп жатат. Анда мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовго карата айыптоолор окулуп, «Кулматовдун күнөөсү толугу менен далилденди» деди. Прокурордун бул сөзү залдагы айыпталуучулардын тарапташтарынын нааразычылыгын жаратты. Алар прокурорду жемелешип, баардыгы калп деген сөздөрдү айтышты. Залдагы ызы-чуу болгон жарандарды судья араң токтотту.
Эске салсак, Кубанычбек Кулматов «Бишкектин четиндеги Калыс-Ордо конушунда мектепти курууга кеткен 2 миллион долларды пайдаланууда жемкорлукка барган» деп айыпталууда.