• Жума 10 Бугу 2024
  • Пятница 10 Май 2024

Экс-министр Аргынбек Малабаевдин абалы оор

28 Үчтүн айы 2019 13:04 Бишкек Govori.TV

Бишкек. 28.01.2019. Govori.TV

Жол кырсыктан кийин ооруканага түшкөн экс-министр Аргынбек Малабаевдин абалы туруктуу оор деп бааланып жатат. Бул тууралуу бүгүн, 28-январда Бишкек шаарындагы травматология жана ортопедиялык илимий изилдөө борборунан билдиришти.

Учурда бейтап жандандыруу бөлүмүндө жатат. Анын баш мээси жабыркап, 3 кабыргасы сынган.

Жол кырсык 27-январда саат 21:00 чамасында Сокулук районунда болду. Булактар билдиргендей, ичинде бир нече адам бара жаткан жол тандабас унаа Сокулук районундагы Кашка-Суу айылында кырсыкка учураган. Анын кесепетинен айдоочу каза болду. Жабыр тарткандардын бири мурдагы транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев болгон.

Алдын ала маалыматтар боюнча, алар мергенчиликтен келе жатышкан.

Ал эми Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, кырсык 27-январда саат 18:00 чамасында Белогорка капчыгайында болду. Алдын ала маалыматта «Тойота Лэнд Крузер» унаасынын айдоочусу башкарууну жоготкону айтылат. Кырсыкка байланыштуу топтолгон материалдар Сокулук РИИБге берилди.

Булак: АКИpress агенттиги

Количество просмотров: 13