• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Экс-премьер-министр Николай Танаев каза болду 

19 Теке 202013:39 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын мурунку премьер-министри Танаев Николай Тимофеевич дүйнө салды.

Маалым болгондой, ал узакка созулган оорудан улам 19-июлда эртең менен каза болгон. Ушул жылдын ноябрь айында ал 75 жашка толмок. 

Николай Танаев 2002-2005-жылдары Кыргызстандын премьер-министри болгон. Өкмөттү үч жылча башкарып, 2005-жылдын 24-мартындагы окуядан кийин кызматтан кеткен.

Количество просмотров: 220