• Шаршемби 24 Кулжа 2026
  • Среда 24 Июнь 2026

Экс-президент Жээнбеков өлкөдөн чыгып кеткени айтылууда

2 Бирдин айы 202115:58 Бишкек Govori.TV

Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков өлкөдөн чыгып кеткен. Бул тууралуу Govori.TVга өздүк булак кабарлады.

Анын айтымында, Жээнбеков үй-бүлөсү менен кечээ Кыргызстандан Турцияга «Манас» аба майданынан учуп кеткен.

Эске салсак, буга чейин Башкы прокуратура мурдагы президент Сооронбай Жээнбековду 2020-жылдын октябрындагы балашамандык үчүн жоопко тартуу боюнча арызды УКМК жана ИИМге жибергени айтылган.

Маалыматка караганда, октябрь окуяларында жабыркагандар түзгөн «Кыргыз үмүтү» коомдук бирикменин өкүлдөрү «аянтка чыккан элди кууп-таратуу боюнча күч органдарына тапшырма берген» деген негизде Жээнбековду жазага тартып, экс-президент деген макамынан ажыратууну талап кылууда.

Ал эми УКМК жана ИИМ арыз түшө электигин билдирген.

Количество просмотров: 763