Бишкек.04.04.2019.Govori.TV.
Жогорку Кеңештин депутаттары экс-президенттердин кол тийбестик статусун алып салуу тууралуу мыйзам долбоорун үчүнчү окууда жактырышты. “Макул” – 111, “каршы” – 3 эл өкүлү добуш берген.
Бул мыйзамга каршы добуш бергендер Анвар Артыков менен Асель Кодуранова (КСДП) жана бул мыйзамдын демилгечилеринин бири Исхак Масалиев («Өнүгүү-Прогресс») болду.

Эске салсак, “КР президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоорунун демилгечилери – парламенттин депутаттары Курманкул Зулушев менен Исхак Масалиев.