• Ишенби 20 Чын куран 2024
  • Суббота 20 Апрель 2024

Эксперт Эрнест Карыбеков жатак абакка которулду

16 Аяк оона 2019 17:50 Бишкек Govori.TV

Энергетика тармагындагы эксперт Эрнест Карыбеков жатак абакка которулду. Жактоочулардын өтүнүчү канааттандырылды. Бул тууралуу 24.kg агенттигине саясий туткундарды коргоо боюнча комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, буга чейин Эрнест Карыбековду жатак абакка которуудан баш тартышкан. ЖАМКтан билдиришкендей, Жазык кодексинин жаңы редакциясы боюнча ал 2020-жылдын күз айынан кийин гана шарттуу түрдө бошоно алмак. Бирок, Эрнест Карыбеков жаңы редакция күчүнө киргенден кийин арыз менен кайрылган. Бул жолу юристтердин далили кабыл алынып, Эрнест Карыбеков жатак абакка которулду.

Эске салсак, Эрнест Карыбеков «Кылмышты жаап жашыруу» беренеси боюнча 14 жылга эркинен ажыратылган. Жогорку сот анын жаза мөөнөтүн 11 жылга чейин кыскартуу тууралуу чечим кабыл алган. Ал № 3 түзөтүү колониясында жаза өтөп жаткан. Андан бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деген айып алынып салынды.

Эрнест Карыбеков менен бирге соттолгон Кубанычбек Кадыров менен Бектур Асанов мөөнөтүнөн мурун эркиндикке чыгышкан.

Количество просмотров: 66