• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Сенсация: Матраимовдор байлыктарын өлкөдөн чыгарып жатабы?

7 Кулжа 2019 15:31 Бишкек Govori.TV

Бишкек.07.06.2019.Govori.TV.

Матраимовдордун кланы тапкан байлыктарын четке чыгарып жатат. Мындай маалымат Фейсбуктагы БеспределKG аккаунтунда жарыяланды. Тактабаган маалыматтарга таянсак, «Финансылык чалгындоо 2014-жылы эле өлкө аймагынан акча каражаттары чыгарылып жатканын байкап жүргөнүн кабарлагычакты, Президент Матраимов менен эмне кылуу керек экенин ойлонгучакты Манас аэропортунда укмуштуудай иштер болууда.

Бизге жеткен маалыматтарга караганда акыркы жумаларда бир нече адам улам-улам Туркияга учуп, өзү менен кошо бир каттамда 2 миллиондон 5 миллион долларга чейинки акча каражатын ташып кетүүдө. Анысы аз келгенсип ошол эле адамдарды бажы кызматынын башчысы коштоп барууда. Акча ташыган адамдар Түркияда 1 күндөн 3 күнгө чейин бөлүшүп, кайра эле кайтып келип, акчанын башка порциясын алып чыгышууда.

Бул акчалар-Матраимовдордуку. Айтмакчы акча ташуучулардын арасында — Хамрахан Матраимова бар, 1958-жылы туулган.  Матраимовдор  “Бул адам  Дордойдо чокой сатып соода кылат, Түркияга ар бир барган сайын мииллион доллар алып барып товар алып кетет деп айтышаар.

Бул Түркияга байма бай каттаган адамдын сүрөтү.Фамилиясы-Камбаров. Анын бир эмес эки чет элдик паспорту бар. Биринчиси 2018-жылы берилсе, экинчиси 2019-жылы берилген. Баардык акча ташыган адамдардын сүрөтүн жүктөбөй эле койолу. УКМК кызматкерлери да иштеп, алган айлыгын да акташсын да. Айтмакчы, «отуздуктар» (УКМКнын Манса аэропортундагы бөлүмү) бул окуя жөнүндө жакшы билишет. Болгону, аралашпайт. Анткени кийлигишпөөгө буйрук келген. Жакын арада бул кызматкерлердин да чыдамы түгөнөт окшойт. Финчалгындоо менен УКМК башчылары алданып калган күйөдөй болуп, баардык окуяны акыркы болуп билгендей. Раим Матраимов болсо жан сакчысы менен кошо чет мамлекетке чыгып, ал жактагы жайлуу жайын текшерип, кайра Turkish Airlines авиакомпаниясынын 344 каттамы менен Прагадан Стамбул аркылуу кайтып келди. Бардыгы даяр болду окшойт. Акчаларынын баары да жакында чыгарылат. Алга!»-деп жазылган.

Количество просмотров: 37