• Жума 29 Жалган куран 2024
  • Пятница 29 Март 2024
Орозо

Апта жыйынтыгы: Атамбаевдин иши сотко өтөөрдө, Парламентти таркатуу имиштери тарады

27 Аяк оона 2019 19:28 Бишкек Govori.TV

Апта башы азыркы парламент таркап, мөөнөтүнөн мурда шайлоо болот экен деген пикирлер менен башталды. Бул тууралуу эл өкүлдөрү да пикирлерин айтышып, айрымдары парламентти таркатканга болбойт себеби акча жок дешсе, айрымдары парламентти таркатууга негиз жок экенин билдиришти.
Жогорку Кеңешти таркатуу маселеси менен алек болуп жаткан коомчулуктун жаңы эрмеги пайда болду. Дегеним, ошол эле парламенттин спикери Дастанбек Жумабеков Нур-Султан шаарында өткөн Евразия өлкөлөрүнүн парламент спикерлеринин IV отурумунда орус тилинде кыйналып сөз сүйлөөсү бир заматта коомду эки жээкке бөлдү.
Ал эми аптанын дагы бир маанилүү жаңылыгы болуп абактан мыйзамсыз бошотулган кримтөбөл Азиз Батукаевдин кылмыш ишине катыштыгы бар делген мурунку президент Алмазбек Атамбаевдин жактоосучу тиешелүү документтер менен таанышышкан. Бирок, бул тууралуу бир катар каршы пикирлери бар экенин айтып чыгышты. Ал арада Атамбаевдин жансакчысы камакка алынды.

Кененирээк апта жыйынтыгында…

Количество просмотров: 278