• Шейшемби 23 Чын куран 2024
  • Вторник 23 Апрель 2024

Экстремисттик материалдарды таратканга шектелип 41 жаштагы аял кармалды

28 Теке 2021 10:09 Бишкек Govori.TV

Экстремисттик материалдарды таратканга шектелип 41 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Чүй облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй облусунун ИИББнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан жүргүзүлгөн сотко чейинки өндүруш иштеринин натыйжасында Кыргызстанды тыюу салынган диний уюмдардын биринин мүчөсү жана ошол эле уюмдун аялдар канатынын активдүү мүчөсү, буга чейин соттолгон Жалал-Абад облусунун 41 жаштагы жашоочусу А.Б. аттуу аял кармалган.

Сотко чейинки жүргүзүлгөн өндүруш иштеринин натыйжасында жогорудагы аял экстремистик маанидеги материалдарды социалдык түйүндөр аракылуу жайылтканы аныкталып, аталган факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча катталган. Алынган материал тиешелүү экспертизага жөнөтүлгөн.

Экспертизанын жыйынтыгына ылайык, таратылган материалда экстремистик маанилер камтылганы аныкталган. Жогорудагы аял Жалал-Абад облусунун Аксы районунан кармалып, Аламүдүн райондук соту тарабынан убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Сотко чейинки өндуруш иштери улантылууда.

Количество просмотров: 94