• Дүйшөмбү 6 Бугу 2024
  • Понедельник 6 Май 2024

Эл аралык баңгизатын жүгүртүүгө тиешеси бар делип өзбек жараны кармалды

25 Бирдин айы 2022 16:11 Бишкек Govori.TV

Эл аралык баңгизатын жүгүртүүгө тиешеси бар Өзбекстандын жараны К.Б.Г., кармалды. Бул тууралуу КР УКМКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан Кыргызстандын аймагында баңги каражаттарынын көмүскө каналдарынын ишмердигине каршы аракеттенүү жана аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси “Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо” боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, 2022-жылдын 22-февралында К.Б.Г., аттуу Өзбекстандын жараны Баткен облусуна караштуу Кадамжай районунун Марказ айылынан кармалды.

Тинтүү учурунда андан 3 килограмм гашиш жана 100 грамм апийим табылып алынган.

Азыркы учурда тергөө иш-чаралары улантылууда.

Количество просмотров: 91