• Шаршемби 24 Чын куран 2024
  • Среда 24 Апрель 2024

Чолпон-Ата саммити. Эксперттер эмне дейт?

22 Теке 2022 11:11 Бишкек Govori.TV

Чолпон-Ата шаарында өткөн Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунун алкагында жыйынтыктоочу документтер кабыл алынды. Борбор Азия лидерлеринин Чолпон-Ата саммити эмнеси менен өзгөчөлөндү? Беш мамлекеттин президенттери орток көйгөйлөрдү биргелешип чечүүгө умтулуп жатабы? Эми анын жыйынтыгы кандай болот? Эмне үчүн Тажикстан менен Түркмөнстан ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол койгон жок? деген суроолорго эл аралык мамиле жана саясатка көз салган эксперттердин пикирин сурадык.

Эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов Борбор Азия туруктуу аймак катары калышы керектигин баса белгилеп, Чолпон-Ата шаарында өткөн төртүнчү консультативдик жолугушуунун өзгөчөлүктөрүнө токтолду.

эл аралык мамилелер боюнча эксперт Эдил Осмонбетов

«Чолпон-Ата шаарында өткөн саммиттин өзгөчөлүгү эмнеде десеңиздер, бул жолу 5 мамлекеттин президенттери келди. 2018-2019-2020-жылдары айрым мамлект башчылары өздөрү келбей, тышкы иштер министрин жөнөтүп койгон учурлар болгон. Бүгүнкү күндө геосаясаттык кырдаал аябагандай оор, келечеги кандай болот эч ким билбейт. Чогулуп сүйлөшкөндөрү ар бир мамлекет үчүн жакшы жышаан. Менин жеке пикиримде, кол коюлган келишимдердин жыйынтыгы болот. Негизги максат Борбор Азия туруктуу аймак катары калышы керек. Ошондой эле белгилеп кетчү жагдай, жыйынга тышкы күчтөрдөн эч ким катышкан жок. Ошол эле Орусия, Кытай, Батыш өлкөлөрү. Беш мамлекет келечекке жакшы кадам жасап жатат»,-деди Осмонбетов.

Ал эми саясий серепчи Эмил Жураев тажик жана түркмөн башчылары достук келишимине кол койбогонунун себебин төмөндөгүдөй чечмеледи.

саясий серепчи Эмил Жураев

«Борбор Азия мамлекеттеринин мамлекет башчыларынын төртүнчү консультативдик жолугушуусунда эң маанилүү маселелер айтылды. Дээрлик баардык президенттер тарабынан эл аралык геосаясат, коопсуздук, экономика жаатындагы кыйынчылыктар ачык сүйлөндү. Мындан тышкары, президент Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев XXI кылымда Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол коюшту. Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов өз өлкөлөрүндө ички жол-жоболор аяктагандан кийин бул документке кол коюшарын билдиришти. Менимче документтин ичинде камтылган сөздөр өтө чоң жоопкерчиликти арттырды. Бул келишим келечекте жакыныраак кызматташууга жана байланыштарды бекемдөөгө пайдубал болуп берет десек болот. Эки мамлекеттин кол койбой койгонунун себеби ар кандай болушу мүмкүн. Эгер аталган өлкөлөр анчейин даяр болбосо, ал документте айтылган сөздөргө толугу менен макулдугун сезбесе кол койбогондугу туура болду. Анткени кол коюп туруп, келишимде айтылган сөздөргө каршы аракет кылса чөлкөмдөгү кызматташууга жакшы болмок эмес»,-деди Жураев.

Саясат талдоочу Айданбек Акматов коңшу мамлекеттердин бирге турганы маанилүү маселе экенин билдирип, бирок чоң жыйынтыктарга али эрте экенин айтты.

саясат талдоочу Айданбек Акматов

«Борбор Азияны өнүктүрүү максатында достук, ынак коңшулук жана кызматташтык жөнүндө келишимге кол койгон Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жакын коңшулар. Сырттан ар кандай коркунучтар болуп турганда бул үч мамлекеттин бирге турганы маанилүү маселе. Тажикстан менен Түркмөнстандын коңшулук, кызматташтык келишимине кол койбогону дагы түшүнүктүү. Себеби Түркмөнстандын Борбор Азиядагы мамлекеттер менен алакасы өтө деле бекем эмес. Ал өзүнчө нейтралдуу мамлекет катары карманып келет. Ошондуктан айрым учурларды изилдеп көрөлү дешсе керек. Ал эми Тажикстандыкы белгилүү. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси турат. Ошондуктан обочолонуп турганы түшүнүктүү эле нерсе. Бул жыйындан кийин тез арада чоң өзгөрүү болуп кетет деп күтпөш керек. Чоң жыйынтыктарга али эрте. Деген менен соода-сатыкка жол ачуу, жүктөрдүн өтүшүнө жол берүү сыяктуу маселелерди чече беришсе бара-бара көч түзөлүп кетиши мүмкүн»,-деп кошумчалады ал.

Количество просмотров: 2712