• Шейшемби 23 Кулжа 2026
  • Вторник 23 Июнь 2026

Explainer: Фейк бул алдамчылык. Сак болуш үчүн эмне кылыш керек? (Реалдуу мисалдар)

30 Тогуздун айы 202516:04 Бишкек Govori.TV

Акыркы ай ичинде дароо эки учур – фейк билдирүүлөрдүн кеңири тараганы белгилүү болду.

Аларды кененирээк карап көрөлү, келечекте эмнеге көңүл буруу керектигин түшүнүү үчүн.

Биринчиси — бул “ИИМден келген” жалган билдирүү.

Кадрда милиция формасын кийген адам интернет-шылуундар кармалды деп билдирүүдө.

Бул арада ИИМ расмий түрдө бул маалымат фейк экенин жарыялады.

Видеодогу адамга көңүл бурсак, анын оозунун кыймылы айтылган сөздөргө дал келбейт.

Мындан тышкары, роликтин авторлору бир эле кыска үзүндүнү кайра-кайра колдонушканы байкалат. Көптөгөн кадр чаптоолор  көрүнүп турат.

Экинчи видео социалдык тармактарда жана мессенжерлерде тарады.

Бул видеодо Бишкектеги мектептерге куралчан кол салуу болуп жатат деген “кабар» берилген.

Бул роликте эмне туура эмес?

Кадрлардан видео кайсы жерде тартылганын аныктоо мүмкүн эмес.

Ал бүдөмүк, жана ар түрдүү үзүндүлөрдөн чогултулган.

Текшерүүдө бул кадрлар 2021-жылы Татарстандагы Казань шаарындагы мектепке кол салуудагы видеодон алынганы аныкталды.

Демек, «Ак-Ордо 36-мектеп» деген жазуу чындыкка дал келбейт.

Бирок бул фейк экенине карабастан, ролик коомчулукта  дүрбөлөң жаратты.

Эгер сизге ушундай видео же сүрөт келсе эмне кылыш керек? Биринчиден аны дароо бөлүшпөңүз.

Сизге келген ар бир маалыматка сын көз караш менен караңыз.

Маектешиңизден бул роликти кайдан алганын сураңыз. Айрыкча, бул билдирүү көп жолу кайра жөнөтүлгөнүн байкасаңыз, абайлаңыз. Баарына ишене бербе! Текшер! Ойлон!

Количество просмотров: 501