• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Эл аралык эмгек уюму 2022-жылга эмгек рыногун калыбына келтирүү боюнча болжолун төмөндөтүүдө

20 Үчтүн айы 2022 11:44 Бишкек Govori.TV

ЭЭУ дүйнөлүк эмгек рынокторунун абалы дагы деле көбүнчө пандемия менен аныкталат жана алардын тез жана ишеничтүү калыбына келишин күтүүгө болбой тургандыгы тууралуу “Дүйнөдөгү жумуштуулуктун жана социалдык коргоонун келечектери: 2022-жылга карата тенденциялар” деген баяндамасында эскертет.

ЖЕНЕВА (ЭЭУнун жаӊылыктары). Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ) 2022-жылга эмгек рыногун калыбына келтирүү боюнча болжолун төмөндөтүп, 2019-жылдын төртүнчү кварталына салыштырмалуу жумуш убактысынын бүткүл дүйнөлүк жетишсиздиги толук жумуштуулук шарттарында 52 миллион жумуш ордун жоготууга барабар болот деп болжолдоду. 2021-жылдын май айында даярдалган толук жыл үчүн мурунку болжолго ылайык бул көрсөткүч 26 миллионду түзүшү керек болчу.

Учурдагы божомол 2021-жылга салыштырмалуу абалдын жакшырышын болжолдойт, бирок бул дагы эле каатчылыкка чейинки мезгилге салыштырмалуу жалпы жумуш убактысынын көлөмү дээрлик эки пайызга кыскарышы жөнүндө сөз болуп жатат деп айтылат ЭЭУнун “Дүйнөдөгү жумуштуулуктун жана социалдык коргоонун келечектери: 2022-жылга карата тенденциялар” баяндамасында.    

Дүйнө жүзүндөгү жумушсуздук каатчылыкка чейинки деңгээлден жогору деӊгээли жок дегенде 2023-жылдын аягына чейин сакталат деп күтүлүүдө. Жумушсуздардын саны 2019-жылы 186 миллионду түзгөнү менен 2022-жылга 207 миллион көлөмүндө болжолдонот. Өзүнүн баяндамасында ЭЭУ  ошондой эле көптөгөн адамдар эмгек ишин токтоткондуктан, пандемиянын жалпы эле жумуштуулук чөйрөсүндөгү кесепеттери келтирилген сандарда көрсөтүлгөндөн алда канча олуттуу экенин эскертет. 2022-жылы экономикалык жактан активдүү калктын дүйнөлүк үлүшү божомолдор боюнча 2019-жылдагы окшош көрсөткүчкө карата дагы деле 1,2 пайыздык пунктка төмөн бойдон калат.     

Кандайдыр бир даражада 2022-жылга божомолдун төмөндөшү “Дельта” жана “Омикрон” сыяктуу COVID-19дун  жаңы штаммдарынын пайда болушунун эмгек чөйрөсү үчүн кесепеттерине, ошондой эле пандемиянын андан аркы өнүгүшүнө карата олуттуу белгисиздикке байланыштуу. Баяндамада каатчылыктын эмгекчилердин ар түрдүү категориялары жана ар кайсы өлкөлөр үчүн тийгизген таасиринде олуттуу айырмачылыктар бар экендиги белгиленген. Бул карама-каршылыктар мамлекеттердин ичинде да, алардын ортосунда да теңсиздиктин тереңдешине алып келип, алардын өнүгүү деңгээлине карабастан дээрлик бардык өлкөлөрдүн экономикалык, финансылык жана социалдык түзүмдөрүн начарлантат. Келтирилген зыянды калыбына келтирүү үчүн жылдар талап кылынышы мүмкүн жана каатчылыктын кесепеттери калктын экономикалык активдүүлүгүнө, үй чарбаларынын кирешелерине, социалдык, балким, саясий ынтымакка дагы узак убакытка таасирин тийгизиши мүмкүн.  

Пандемиянын эмгек рынокторуна тийгизген таасири планетанын бардык региондорунда сезилүүдө, бирок каатчылыктан кийин калыбына келтирүү ар кайсы аймактарда ар кандай жолдор менен жүрүп жатат. Калыбына келтирүүнүн эң шыктандыруучу белгилерин Европа менен Түндүк Америкада байкоого болот, ал эми Түштүк-Чыгыш Азия, Латын Америкасы жана Кариб деңизи боюнча келечектер эң начар көрүнөт. Улуттук деңгээлде эмгек рыноктору кирешелери жогору өлкөлөрдө эң жакшы калыбына келүүдө, ал эми кирешеси ортодон төмөн болгон өлкөлөрдө иштер эң начар жүрүүдө.

Пандемиянын аялдардын жумуштуулугуна ченемсиз оор кесепеттери жакынкы жылдар аралыгында сезилери тууралуу баяндамада айтылат. Ошол эле учурда окуу жайларынын жана кесиптик даярдоо мекемелеринин жабылышы жаштар, айрыкча интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү жок адамдар үчүн “узак мөөнөттүү улам күчөгөн кесепеттерге ээ болот”.  

“Каатчылык эки жылдан бери уланып жатат, бирок келечектери белгисиз бойдон калууда, ал эми калыбына келтирүү жай жана ишенимдүү эмес жүрүүдө, — деп белгиледи ЭЭУнун Башкы директору Гай Райдер. — Биз эмгек рынокторуна келтирилген кайтарылгыс болуп калуу коркунучу бар зыянды жана жакырчылык менен теңсиздиктин тынчсыздандырган өсүү масштабдарын көрүп жатабыз. Көптөгөн кызматкерлерге эмгектин жаңы формаларына өтүүгө туура келүүдө – мисалы, эл аралык туризм жана саякаттоо жаатындагы узакка созулган төмөндөө аларды буга мажбур кылууда.

“Эмгек рыногун баарын камтыган калыбына келтирмейинче, пандемиянын кесепеттерин толук жоюу мүмкүн эмес, — деп баса белгиледи ЭЭУнун башчысы. — Ал эми туруктуу калыбына келтирүүгө татыктуу эмгек принциптеринин, анын ичинде эмгекти коргоонун, теңчиликтин, социалдык коргоонун жана социалдык пикир алышуунун негизинде гана жетишүүгө болот”.

Баяндамада 2022 жана 2023-жылдарга эмгек рыногундагы ар тараптуу божомолдор камтылган. Анда дүйнөдөгү эмгек рыногун калыбына келтирүүнүн жүрүшү бааланат, пандемиядан кийин калыбына келтирүү жөнүндө маселеге ар кандай өлкөлөрдүн мамилеси тууралуу баяндалат, анын ар кандай категориядагы кызматкерлер жана экономика тармактары үчүн кесепеттери талданат.

Баяндамада айрым учурларда, мурунку каатчылыктардагыдай эле, убактылуу жумуштуулук пандемия шарттарында амортизатордун ролун ойногондугу белгиленет. Көптөгөн убактылуу жумуш орундары жабылган же алардын мөөнөтү узартылган эмес, бирок ошол эле учурда башкалары да, анын ичинде туруктуу жумушунан ажырагандар үчүн да түзүлгөн. Орточо эсеп менен убактылуу кызматкерлердин саны өзгөрүүсүз калды.  

“Дүйнөдөгү жумуштуулуктун жана социалдык коргоонун келечектери” баяндамасында ошондой эле улуттук жана эл аралык деңгээлде адамдын каатчылыктан кийинки кызыкчылыктарына багытталган жана баарын камтыган калыбына келүүнү камсыз кылууга милдеттендирген негизги саясий сунуштар берилет. 2021-жылдын июнунда ЭЭУнун 187 мүчө мамлекети тарабынан кабыл алынган “Инклюзивдик, стабилдүү жана туруктуу мүнөзгө ээ COVID-19 каатчылыгынан кийин адамдарга багытталган калыбына келтирүү максатында аракеттерге карата глобалдык чакыруунун” жоболору баяндаманын негизи болуп алынды.

ЭЭУ жөнүндө 

Эл аралык эмгек уюму (ЭЭУ) — БУУ системасынын адистештирилген агенттиги, анын максаты болуп социалдык адилеттүүлүк принциптерин, эл аралык деңгээлде таанылган адам укуктарын жана эмгек чөйрөсүндөгү укуктарды жылдыруу саналат. 1919-жылы түзүлгөн ЭЭУ 1946-жылы БУУнун биринчи адистештирилген агенттиги болуп калды.

ЭЭУ негиз болуучу эмгек укуктары жаатындагы минималдуу стандарттарды белгилөө менен конвенциялар жана сунуштар түрүндөгү эл аралык эмгек ченемдерин иштеп чыгат.

БУУнун системасында ЭЭУ уникалдуу үч тараптуу түзүмгө ээ, анда иш берүүчүлөрдүн жана эмгекчилердин бирикмелери ЭЭУнун жетектөөчү органдарынын ишинде өкмөттөр менен бирдей добушка ээ. 

Женевадагы Эл аралык эмгек бюросу (ЭЭБ) ЭЭУнун катчылыгы, анын оперативдүү штаб-квартирасы, изилдөө жана басма борбору болуп саналат. 

Количество просмотров: 84