• Ишенби 27 Чын куран 2024
  • Суббота 27 Апрель 2024

Эл аралык издөөдө жүргөн жаран Бишкектен кармалды (видео)

20 Жалган куран 2024 17:57 Бишкек Govori.TV

Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери тарабынан мурда издөөдө жүргөн чет мамлекеттин жараны кармалды. Бул тууралуу милициядан билдиришти.

Бишкек ШИИББдин кызматкерлерине Казакстандын Кылмыш-жаза кодексинин «Эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны өтөөдөн качуу» беренесинин негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында чет мамлекеттин жараны 1993-жылы туулган М.М. өз өлкөсүнүн аймагында эл аралык издөөгө жарыяланганы жана Бишкек шаарында жашырынып жүргөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бишкек ШИИББнын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын ыкчам кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынан аталган кылмышка шектүү 1993-жылы туулган М.А. аныкталып, кармалган.

Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, мурда тандалган камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасынын негизинде, издөөдө жүргөн жаран Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Андан ары экстрадициялоо жана Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү фактысына юридикалык баа берүү маселеси чечилет.

Количество просмотров: 182