• Ишенби 4 Бугу 2024
  • Суббота 4 Май 2024

Эл аралык комитеттин төрагалыгына Чыңгыз Айдарбековдун талапкерлиги көрсөтүлдү

2 Жалган куран 2022 14:35 Бишкек Govori.TV

Бүгүн, 2-мартта Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитети Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрагалыгына талапкерди карады.

«Альянс» парламенттик фракциясы Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагалыгына Жогорку Кеңештин депутаты Чынгыз Айдарбековдун талапкерлигин көрсөттү.

Талкуунун жыйынтыгында комитет Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын кызмат ордуна Чынгыз Айдарбековдун талапкерлигин Жогорку Кеңештин кароосуна киргизүү чечимин кабыл алды.

Количество просмотров: 108