65-Эл аралык математикалык олимпиадада алтын, күмүш медаль жеңген окуучулар мекенибизде. Билимден тарых жараткан азаматтарды Билим берүү жана илим министри кызматкерлери менен тосуп алды.
Математика боюнча Улуттук команданы Билим берүү жана илим министрлиги каржылап, Британияга жөнөткөн. Билимдүү жаштарыбыз 180 мамлекет катышкан эл аралык олимпиада алтын, күмүш байгелерге ээ болуп, Кыргызстандын кадырын көтөрүштү. Назар Кыргызбаев алтын медалга ээ болсо, Ян Бобрус, Эльдар Искендеров, Искен Кенжебаев күмүш медаль алышты. Нурсултан Эшперов жана Мусаходжаев Султан Ардак грамотага ээ болушту. Билимдүү жаштарыбыз көбөйүп, мамлекетибиз өнүшүнө салым кошушсун.