• Жума 19 Чын куран 2024
  • Пятница 19 Апрель 2024

Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

16 Теке 2021 11:30 Бишкек Govori.TV

Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду, — деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 14-июлунда УКМК тарабынан улантылып жүргүзүлүп жаткан терроризмге каршы иш-чаралардын алкагында, Кыргыз Республикасында террористтик актыны ишке ашыруу максатында куралдуу чыр чатактардын аймагынан келген Кыргыз Республикасынын жараны «Г.М.» ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Кармалган адам Афганистан аймагында эл аралык террористтик уюмдардын биринин курамында согуштук аракеттерге катышып, террористтик даярдыктан өткөндүгү аныкталды.

КР УКМК өлкө аймагындагы эл аралык терроризмдин мүчөлөрүн жана колдоочуларын аныктоо жана аларга бөгөт коюу иш-чараларын улантууда.

Количество просмотров: 178