• Бейшемби 25 Чын куран 2024
  • Четверг 25 Апрель 2024

Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду

14 Теке 2021 12:42 Бишкек Govori.TV

Эл аралык террористтик уюмдун активдүү мүчөсүнүн ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду, — деп билдирет УКМКнын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 9-июлунда УКМК органдары терроризмге каршы иш-чаралардын комплексин уюштуруу учурунда диверсиялык аракеттерди уюштурууну пландаштырып жаткан “М.А.” аттуу чет мамлекеттердин биринин жаранынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду.

Аталган «М.А.» «Жамаат Таухид ва Жихад» эл аралык террористтик уюмунун жигердүү мүчөсү болгон жана ал куралдуу чыр-чатактардын аймагынан Кыргызстанга келип, адамдарды өзүнө тартып ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгы аныкталган.

КР УКМК өлкө аймагындагы эл аралык терроризмдин мүчөлөрүн жана колдоочуларын аныктоо жана аларга бөгөт коюу иш-чараларын улантууда.

Количество просмотров: 111